Микенас, Юозас Йокубо

Википедия дан

Микенас, Юозас Йокубо (1901, Латвия, Даугавпилс району – 1964, Вильнюс) – советтик скульптор, литва советтик скульптурасынын негиздөөчү. СССР эл сүрөтчүсү (1961), СССР САнын корр. мүчөсү (1954). Каунас көркөм мектебинен (1922-26), Париж Жогорку жасалга жана колдонмо искусство мектебинен (1927–31) билим алып, чеберчилигин өркүндөткөн. Чыгармачылыгын формалисттик агымдардын таасиринде баштаган. Негизги чыгармалары: Нью-Йорктогу бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн Литва павильону үчүн “Литва” статуясы (гипс, 1939), Кёнигсбергди штурмдоодо курман болгон советтик аскерлерге арналган “Жеңиш” скульптура тобу (коло, 1946, Калининград; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1947), “Пианиночу кыз” (коло, 1958, Третьяков галереясы), “Алгачкы чабалекейлер” (гипс, 1964), Литва ССР сүрөт музейи, Вильнюс) жана башка Литва ССР мамлекеттик сыйл. (1966) лауреаты. Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]