Микены

Википедия дан

Микены – Арголиддеги (Түштүк Греция) байыркы шаар, Эгей маданиятынын ири борбору. Биздин заманга чейинки 3-миң жылдыкта чакан турак-жай болгон. Биздин заманга чейинки 17-кылымдан ахейлердин алгачкы таптык мамлекеттеринин биринин борбору. Биздин заманга чейинки 16– 15-кылымда Микенынын акрополунда чептер жана хан сарайы тургузулган. Микены 1400–1200-жылы гүлдөп, 1200-жылы өрттөн кыйраган. Шаарды казуу иштери (немис археологу Г. Шлиман, англис окумуштуусу А. Уэйс, Грец окумуштуулары Х. Цунтай, Г. Милонас ж. б.) 1876-жылдан мезгилмезгили менен жүргүзүлүп, сарай, табытканалар, чоң таштардан тургузулган дубалдар, кол өнөрчүлөрдүн үйлөрү ж. б. табылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]