Миклeхо-Маклай Николай Николаевич

Википедия дан

Миклeхо-Маклай Николай Николаевич [5(17). 7. 1846, азыркы Новгород облусу, Боровичи району, Рождественский кыштагы – 2(14). 4. 1888, Cанкт-Петербург] – орус илимпозу, саякатчы, антрополог жана этнограф. 1863-жылы Петербург университетине кирген. 1864-жылы студенттик кыймылга катышкандыгы үчүн окуудан чыгарылган. Кийинчерээк Гейдельберг (1864), Лейпциг (1865) жана Йена (1866–68) университеттеринен табият таануу илимдери боюнча таалим алган. 1869-жылы Орус география коомунун колдоосу аркылуу уруксат алып, «Витязь» кемесине түшүп, Жаңы Гвинеянын түндүк-чыгыш жээгине (азыркы Миклухо-Маклай жээги) сүзүп барып, анда 1870–80-жылдарда жашап, илимий иш менен алектенген. Канар аралына жана Мароккого (1866–67), Кызыл деңиз жээктерине (1869), Малайя архипелагына, Малакка жарым аралына саякат жасаган. Түштүк-Чыгыш Азиянын, Австралиянын, Тынч океандын аралдарындагы жергиликтүү элдердин антроплогиясына жана этнографиясына байланыштуу маселелерди изилдеген. Филиппинде, Индонезияда (1873), Микронезия менен Меланезиянын көптөгөн аралдарында (1876, 1879) болгон. 1878–82, 1884–86-жылдары Австралияда жашап, Сиднейге жакын жерде биологиялык станция ачкан. Миклехо-Маклай этнографиялык, антропологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында адам расалары бир тектеш жана өз ара туушкан келет деген идеяны жактаган. Меланезиялыктардын антропологиялык тибин алгачкылардан болуп толук сыпаттап жазган. Ал папуастардын жана Океания аралынын түштүк-чыгышында жашаган элдердин чарбасы менен маданияты жөнүндө баалуу эмгектер калтырган. Анын экспедицияларда жыйнаган бай коллекциясы Санкт-Петербургдагы Антропология жана этнография музейинде сакталуу. 1947-жылы Россия Илимдер академиясынын Этнография институтуна Миклехо-Маклайдын ысмы берилген. Анын жол күндөлүктөрү 1923-жылы жарык көргөн. Эмгектери: Собрание сочинений: В 6 т. М., 1990–1999.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]