Микотоксикоздор

Википедия дан

Микотоксикоздор (гр. mykes — козу карын жанa toxikon—уу) — уу ко­зу карындар менен булганган жем-чөптүн кесепетинен чыгуучу дарт.

Микотоксикоздор бир убакыттын ичинде жапырт, кокусунан пайда болушу, шектүү жем-чөптү бербей калганда ылаңдын токтолушу жанa ылаң биринен экинчисине жукпагандыгы менен айырмаланат.

Ылаңдын клиникалык белгилери козу ка­рын уусунун санына, сапатына, күчүнө, организмге таасир тийгизүү мөөнөтүнө жараша болот. Көпчүлүк Микотоксикоздор козу карындардын уруусу же түрү боюнча аталат. Мис., аспергиллотоксикоз, фузариотоксикоз, клавицепстоксикоз ж. б. Мал күздө, эрте жазда грибокко чалдыккан көк чөптүү жайытка, кар астында калган эгинге, маялуу аңызга жайылганда, о. эле нымдуу жерде сакталган жем-чөптү жегенде ылаңдайт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.