Микоян Артём Иванович

Википедия дан

Микоян Артём Иванович [23.7(5. 8). 1905, Тифлис губерниясы, Борчалинск уезди, Санаин кыштагы (азыркы Армения, Алаверди шаарынын чегинде) – 12. 1970, Москва] – советтик авиаконструкциялык, СССРде биринчи реактивдүү самолётторду түзүүчүлөрдүн бири, СССР Илимдер академиясынын академиги (1968; корреспондент мүчө, 1953), инженер-техникалык кызматтын генерал-полковниги, эки жолку Социалисттик Эмгеги Баатыры (1956, 1957). Н. Е. Жуковский атындагы Аскер-аба инженердик академиясын бүтүргөн (1936). Авиациялык заводдо аскер өкүлү, конструктордук бюронун жетекчисинин орун басары. 1940-жылдан самолёт куруу боюнча тажрыйба конструктордук бюронун башкы конструктору. 1956-жылдан генералдык конструкциялык 1940-жылдарда Микояндын жетекчилигинде (орус инженери М. И. Гуревич менен бирге) МиГ-1 истребители түзүлгөн. Ошол эле жылы ал истребитель өркүндөтүлүп (МиГ-3), Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) пайдаланылган. Микояндын жетекчилигинде үндөн ылдам учуучу реактивдүү самолёттор – МиГ-9, МиГ-15, МиГ-17, МиГ-19, МиГ-21 (канаты үч бурч, үндөн эки эсе ылдам учат), МиГ-23 (учуп баратып канатын өзгөртөт), МиГ-25 (үндөн үч эсе ылдам учат) истребителдерин түзүлгөн. Анын самолётторунда 55 дүйнөлүк рекорд коюлган. СССР Жогорку Советинин (3–8-шайланышы) депутаты, Лениндик сыйлыктын (1962), СССР мамлекеттик сыйыктын. (1941, 1947, 1948, 1949, 1952, 1953) лауреаты. Алты Ленин ордени, башка 4 орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]