Микронезиялыктар

Википедия дан

Микронезиялыктар – австронезия элдеринин тобу, Микронезия аралынын (Каролин Маршалл, Мариана, Гилберт, Лайн, Феникс, Ошен, Науру аралдары) жергиликтүү калкы (кирибати, япондор, маршаллдар, труктар, волеаи, улити, сонсоролдор, чаморро, белау, понапе, косраэ, пулуват, науру, банаба ж. б.). Саны 380 миң киши (2010). Микронезиялыктардын антропологиялык тиби меланезиялыктардын, полинезиялыктардын жана индонезиялыктардын аралашуусунан чыккан. Микронезиялыктардын бул элдер менен жалпы окшоштугу маданиятынан да байкалат. Австронезия жана англис тилдеринде сүйлөшөт. Христиан (көбүнчө протестант) динин тутушат, бирок аларда байыркы жергиликтүү диний ишенимдер басымдуу. Микронезиялыктар балыкчылык, багбанчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишип, дубалы жыгачтан тургузулган, чатыры эки же төрт жантаймалуу келип, жалбырак менен жабылган, чарчы, кээде боз үй сымал курулган үйлөрдө жашашкан. Салттык кийими – саронг.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]