Микрофлора

Википедия дан
Ичеги микрофлорасы

Микрофлора — ар кандай чөйрөдө: сууда, абада, топуракта, тамак-ашта, адамдын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн организминде узак убакыт бою бирге жашаган микроорганизмдердин жыйындысы.

Байкал микрофлорасы

Курамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Микрофлоранын нормалдуу составы жашаган жердин физикалык-химиялык шартына, жаныбарлардын түрүнө жараша болот. Микрофлоранын составы жана анын өкүлдөрүнүн көбөйүшү ар кандай фактор: механикалык (ичегинин жыйрылышы, кирпиктүү клеткалардын кыймылы), химиялык (карын зилиндеги туз кислотасы, ферменттер), ошондой эле бактерияларга каршы бездер бөлүп чыгарган заттар, ичегинин былжыр челинде жайгашкан микроорганизмдер, ошол жердеги атайын коргоочу заттар (антитело) менен жөнгө салынат. Жыл мезгилине, ичкен тамакка жараша микрофлоранын составы жана саны өзгөрүп турат. Бир эле организмдин ар кайсы жеринде микрофлора бирдей эмес. Териде көбүнчө аэробдуу стафилококктор, коринебактериялар, жыныс органдардын жана арткы тешиктин тегерегинде, теринин астыңкы катмарында (накта териде) алар көбүрөөк жолугат. Тамак сиңирүү органдарында, ооздо, карында, ичегиде ар түрдүү микробдор ар кандай өлчөмдө болот.

Көздүн микрофлорасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көздө негизинен стафилококктор, стрептококктор, микрококктор жана башкалар кездешет. 17—19% кишилердин көзүндө микробдор жокко эсе. Мурун аркылуу бир саатта 14 миң микроорганизм өтүп турат. Аларды мурун ичиндеги былжырлар жана кирпиктүү клеткалар кекиртекке, кокого, өпкөгө өткөрбөй кармап калышат да, дем алуу органдарын дайыма микробдон сактап турат. Дем алуу органдарында стафилококктор, аэробдуу стрептококктор, пневмококктор, дифтерия таякчалары жана башкалар микробдор такай болот. Бөлүп чыгаруу жана жыныс органдарында микробактерия, коринебактерия, фузобактерия, фузоспирохеттердин жыйындысы — стафилококктор жайгашкан. Аялдардын жыныс органдарынын микрофлорасы жашына жараша өзгөрүп турат. Микрофлоранын организмдеги ролун И. И. Мечников аныктаган, зыяндуу жана пайдалуу жагын көрсөткөн. Микроорганизмдер тамак сиңирүү процессине катышууда боордон кем калышпайт. Алар кээ бир шарттарда организмге таасир этүүчү заттарды, ошондой эле табигый иммунитетти пайда кылат да, организмдин жугуштуу ооруга туруштук беришин күчөтөт. Микрофлоранын составы адам ыңгайсыз шартка дуушар болсо өзгөрүп, дисбактериозго алып келет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8