Микрофотометр

Википедия дан

Микрофотометр, микроденси­тометр — фото сүрөттүн эң кичине участкадагы оптикалык тыгыздыгын өлчөгүч прибор.

Аны менен спектро­грамма, рентгенограмма, астрономиялык сүрөт, аэрофотосүрөт ж. б. изилденет.

Микрофотометр оптикалык өлчөгүч прибордун — денситометр дин өзгөртүлгөн түрү, 25—40 эсе чоңойтулуп көрсөтөт. Микрофотометрдин түз эсептөө методу менен иштөөчү бир нурдуу жанa кецири таралган экинурдуу түрлөрү бар. Микрофотометрде жарык була­ты болуп көн каскаддуу фотоэлек­трон көбөйткүчу колдонулат. Микрофотометрдин өлчөө тактыгы 0,01—0.03 оптикалык тыгыздык бирдигине барабар


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.