Милдеттүү медициналык камсыздандыруу

Википедия дан

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу – бул КР саламаттыкты сактоо тармагындагы жарандардын укуктарын камсыз кылууга багытталган социалдык коргоонун мамлекеттик түрү. Эмгек келишимдеринин негизинде эмгек мамилелеринде турган жарандар; пенсионерлер; калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик органдарында катталган жумушсуздар; эгер алар М. м. к. үлүштүк салымдарын төлөп жүрүшкөн болсо, КР башка шарттарда (жеке ишкерлер, өз иштери менен алектер, жеке практикалоочулар, чыгармачыл кызматкерлер) эмгек ишмердигин жүзөгө ашырып жатышкан жарандары;социалдык жөлөкпул алып жүрүшкөн адамдар, аскер кызматкерлери жана аларга теңелген адамдар; 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары – алар окуусун аяктаганча, бирок 18 жаштан жогору эмес куракка жеткенче); башталгыч кесипчилик окуу жайларынын окуучулары, алар 21 жашка чыкканча орто жана жогорку кесиптик окуу жайларынын студенттери (сырттан жана кечкисин окуучу бөлүмдөрдө окугандардан башкалары); КР аймагында убактылуу же туруктуу жашап турушкан чет өлкөлүк жарандар; КР аймагында туруктуу жашап турушкан жарандыгы жок адамдар; жарандардын дагы башка катмарлары М. м. к. жатат. М. м. к. тутумуна камтылбаган адамдар медициналык, алдыналуу, калыбына келтирүү жана денсоолукту чыңдоо кызматтарын өзалдынча төлөшөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]