Милонит

Википедия дан

Милонит (грекче melōn – тегирмен) – тоо массивдеринин тектоникалык жаракаларында пайда болуучу кыймыл-аракеттен келип чыккан упадай майда талкаланган тектер. Күчтүү басым тоо тектерди (гранит, гнейс, кристаллдуу сланец, кварцит ж. б.) сүргүлөп майдалайт, ныктап таптайт. Упадай өтө майда талкаланып, ныкталып калат. Микроскоп менен караганда кварц, талаа шпаты жана слюданын майда какарттары, серицит даана көрүнөт. Катаклаздан упадай майдаланган бүртүкчөлөрү (минералдары) менен айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]