Мимесис

Википедия дан

Мимесис (гр. mimesis – тууроо) – байыркы грек философиясындагы жана эстетикасындагы термин. Тууроо (мимесис) катары искусствого көз караш пифогаризмде (музыка асман шайкештигин тууроо катары ж. б.) айтылган, Платон жана Аристотелдер өнүктүргөн. Платондун айтуусу боюнча көзгө көрүнгөн дүйнө реалдуулукту тууроочу идеялардын, искусствонун жогорку дүйнөсүн тууроо (мимесис) болуп эсептелет, тууроону тууроо гана болуп эсептелет. Аристотель тууроого умтулуу дегеле тирүү жандыктарга, ал эми адамдарга өзгөчө мүнөздүү деп эсептеген; тууроо искусствонун маңызын түзөт, ал эң жаман нерселерди сүрөттөгөн учурда да канааттануу берет.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8