Мимино

Википедия дан

"Мимино" (груз. მიმინო) - айрым сынчылар жарым жомок деп аныктаган советтик көркөм комедия. Режиссер Георгий Данелия тарабынан Резо Габриадзе жана Виктория Токарева менен биргеликте жазылган сценарийдин негизинде тартылган.

Тасмада ири авиацияга которулууну чечкен, бирок мүдөөсүнө жеткенден кийин мекенине байыры бекем экенин аңдап, үйүнө кайткан провинциялык учкучтун окуясы баяндалган. Башкы ролду ойногон Вахтанг Кикабидзенин айтымында Данелия "Муминодо" "адамдын өскөн жери менен тыгыз байланышы, жок болсо, жашоого мүмкүн эмес тамырлары жөнүндөгү ойду бере алган". Н.М. Зоркая жана А.М. Зоркий атту киносынчылар тасмага "өзүн жоготпоо, өзү бойдон калуу жөнүндө тасма", "адамдын жашоодогу орду, туулуп-өскөн жер, түйшүк, бекемдик жана негиз жөнүндө ой-толгогон тасма" деген аныктама беришкен.

1977-жылы июлда тасма Эл аралык Москва кинофестивалында көрсөтүлгөн. Чоң экрандагы бет ачары 1978-жылы 27-мартта болгон. Тасма сынчылардын оң баасын алган; бир нече сыйлыкка татыктуу болгон жана көрүүчүлөрдүн купулуна толгон. 1978-жылы советтик прокатта 24,4 млн көрүүчү топтоп, 17-орунга ээ болгон. Тасмадагы көп фраза учкул сөзгө айланган. Режиссер-коюучу жана башкы ролдорду ойногондор СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланышкан.

Сыйлыктар

  • 1977 - X Москва кинофестивалынын Алтын сыйлыгы (Георгий Данелия)
  • 1978 - Еревандагы XI Бүткүл союздук кинофестивалдын Эң мыкты комедиялык тасма сыйлыгы (Георгий Данелия)
  • 1978 - СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы (Георгий Данелия, Вахтанг Кикабидзе, Фрунзик Мкртчян)
  • 1979 - Авеллинодогу XIX Эл аралык кинофестивалдын "Алтын Лачено" сыйлыгы (Георгий Данелия)

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]