Минакари
Минакариمیناکاری
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Минакари Ирандын көгүлтүр эмалдан буюм идиштерин жасоо боюнча салттык маданияты XVIII -кылымдагы Кажар династиясынын мезгилинде абдан белгилүү болгон. Минакари бул – темирди жана керамиканы эмаль менен кооздоо боюнча уникалдуу техника. Ал эми кээ бир эмалданган жасалгалар Ирандын музейлеринде сакталып калышы, ирандыктар минакари өнөрчүлүгү менен байыркы Ахеменид (б.з.ч. 558 – 330 жж.) жана Сасанид (224 – 651 жж.) доорлорунда эле кызыгып, анын техникаларын абдан мыкты өздөштүрүп келишкенин тастыктайт. Ал эмалданган идиштер абдан назик болгондуктан биздин күнгө чейин бирин экин эле жасалгалар сакталып калган. Ислам цивилизациясы аралыгында жана Сельжук династиясынын (1037-1194), Сефевид (1501-1722/1736 жж.) жана Занд (1750-1794 жж.) доорлорунда белгилүү эмалдуу табактар жана идиштер жасалгандыгы жөнүндө күбөлөр бар. Ал эми алардын арасынан Ирандагы минакари өнөрчүлүгү гүлдөп турган учур 1810-1890 жж. Кажарлар (1794-1925 жж.) башкарып турган доорго туш келет. Ошол доордон бери көптөгөн көк, жашыл түстө кооздолуп жасалган сөйкө, билерик, кумара, алтын табактар сакталып калган. Биздин тапта минакари өнөрчүлүгү өркүндөп, бул тармакта ирандын көптөгөн өнөрпоздору эмгектенип келишет.
Эмал идиштерин жасоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бүгүнкү күндө минакари ошол эле байыркы заманда колдонулган материалдардын жардамы менен жана да байыркы доорлордогу ыкма мененжасалат, ал эми минакари жасоо борбору Исфахан шаары болуп эсептелинет. Эмалдар атайы алтын, күмүш өзгөчө жезден (жез башкаларга караганда арзаныраак жана иштеп чыгаруу үчүн оңой келет) жасалган нерселерге капталат. Керман шаарынан чыккан жезден атайы идиш буюмдар жасалып, ага кол менен оюулар түшүрүлүп, андан соң анын үстүнө үч кат эмаль капталып, ар бир эмаль капталганда температурасы 8000Сотко какталат. Үч кат эмалданган идиш даяр болгон соң анын үстүнө көгүш түстөрдөгү сүрөт, оюулар түшүлүлүп, кайрадан 7000С отко какталып бышырылат.
Даярдоо ыкмасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Минакари даярдоо ыкмасы жетишээрлик татаал жана бир нече адистердин жардамы менен аткарылып, бир нече этапка бөлүнөт.
- Алгач жезден кээде күмүштөн же сары жезден кумура, табак сыяктуу идиштер жасалат жана алардын арасынан эң баалуусу алтындан жасалган бюум болуп эсептелинет жана алтын толугу менен эмаль менен капталбайт. Бул кумура же табак минакаринин өзөгү болуп саналат. Мурун мындай өзөктү жасоо үчүн керамика, төрт бурчтук плитка же болбосо айнек колдонулган, ал эми азыр көбүнчө жез колдонулат, анткени жез жумшак, ийилчеек келип, иштеп чыгаруу үчүн оңой жана өтө ыңгайлуу. Материалдарды тандоодо абдан кылдаттык керек, эгерде минакари жасоодо кичинекей эле ката кетсе, аларды ысык отко кактап бышырууда алардын өңү өзгөрүп же болбосо кемчиликтер пайда болот. Салтка айланган мындай идиштер формалары катары иран эли табак, кумура, капкагы бар айнек идиштер, гүл салуучу кумура, тамак-аш куюучу идиштер, чекелери кооздолгон таттуу ширин салуучу табактар, кутучалар, ар кандай көлөмдөгүрамаларды жасашат.
- Экинчи этапта жогоруда жасалган идиштерди ак түстөгү эмаль менен капташып, 750С отко какташат. Андан соң эмалданган идишти атайы жалтырак глазурь менен боёшот да экинчи жолу да жогору температурада кактап, бышырышат. Мындай процесс 3-4 жолу кайталанылып, ар бир кактаган сайын эмалдын мыкты сапатын колдонулат. Мындай идиштерди жогорку температурада бышырууда өтө кылдаттык талап кылынат, анткени ысык отко какталган идиш жумшарып, кичинекей туура эмес кыймыл анын формасын жоготуп коюшу толугу менен мүмкүн. Натыйжада идишэмалды каптап сырдоо жолу менен бир да кынтыгы жок жылмакай жалтырак болуп чыга келет. Ал эми эмалдын глазурларынын курамына кремний, магний, калий, свинец, баалуу-асыл таштар, талаа шпаты, каолин, цирконий, борная кислота жана калай кирет.
- Ал эми үчүнчү этапта бир канча жолу эмалданып жана бышырылган жылмакай жалтырак идиштер сүрөт жана оюу тартуу этабына өтөт.Мындай кийинкиси сүрөтчүнүн талантына жараша кооз оюулар жана сүрөттөр түшүрүлүп тартылат.
Сүрөт же оюу түшүрүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы заманда минакариге сүрөт же оюу тушүрүүдө табигый тазаа минералдык боёкторду гана колдонушкан, ал эми азыркы тапта турдүү химиялык каражаттардын жардамы менен жасалган боёктор да кеңири колдонулуп келет. Салтка айланган “эслими” аттуу көгүш жана жашыл түстөр миң жылдардан бери колдонулуп келсе, заманбап технологиялардын химиялык жолдор менен алынган күрөң, сары, кызыл сыяктуу түркүн түстөгү боёктор менен да сүрөт тартылып, оюулар тушүрүлөт. Түрдүү оюулар, гүлдөр, чымчыктар, кээ бирде перс миниатюралары ал минакаридеги сүрөттөрдүн негизги кооздугу болуп саналып, көргөндү суктандырбай койбойт. =Бышыруу+ Оюу же сүрөт түшүрүлгөн идиштердин сапаты жогорку даражажда болуш үсүн алардын эң жогорку температурада бир нече ирет бышыруу абзел. Ал эми мештин температурасынын ысыктыгы минакари идиштерине колдонулган боёктордун түрүнө жана сапатына карай тандалып алынат бирок мурунку этаптарга салыштырмалуу 500- 600С бышат. Бышып бүткөн соң идиштер коздүн жоосун алып абданжалтылдап калат. Андан соң идиштерди дыкаттык менен карап чыгып, сүрөт тартып аткан учурда кетирилиген кемчиликтер тийиштүү боёктор менен оңдоп боёлот. Эмалдын сапатынын жогору болушуна металдын туура тандалышы, бышыруу сапаттуулугу, жогорку деңгээлдеги кооздоо ыкмасы жана сүрөтчүнүн көркөм таланты, тыкандыгы себеп болот.
Минакари эмаль идиштерин сактоодо бир нече сунуштар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Идишти катуу нерсеге уруп алуудан сак болуу керек,
- Жолдо алып жүрүүдө кылдаттык менен аяр мамиле кылуу керек,
- Эмалды жылуу сууда жумшак нерсе менен сууш керек
Минакари түрлөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мина өндүрү ыкмасы боюнча эки топко бөлүнөт.
- 1. Негизги Мина
Ханебанди минасы эң байыркы ыкма, аны Сими минасы (зым минасы) деп аташып, абдан белгилүү болгон. Ага абдан ичке жана назик зымдар колдонулан. Ичке зымдарды өз табитине карай форма келтирип, аны атайы даярдалган бөлүкө чаптап, үстүнөн жалтырак же түсү жок лак менен сырташат. Андан соң аны 1000 градус ысыкка салып бышырат. Андан кийинки этап Минакарини пудра сымал өтө майда өзгөчө боекторго боешот. Ошентип ал каалаган түскө боелуп, жылмакай болгон соң аны кайрадан 1000 градус ысыка салып дагы бир жолу бышырышат. Минакаринин бул түрү Исфахан жана Тегеран шаарларында абдан белгилүү болгон, бирок азыркы тапта минакаринин бул түрү бир гана Маданий мурастар борборунда окутулуп, аны жасоо өнөрүн каалоочуларга үйрөтөт. “Кара Мина” бул ханебанди минасынын бир түрү болуп эсептелет. Бул ыкма негизинен мамлекеттин түштүгүндө өзгөчө Ахваз аймагында кеңири колдонулат.
- 2. Сүрөт минасы. Бул ыкма азыркы тапта Исфахан шаарынба абдан белгилүү. Минакаринин бул түрүн даярдоо үчүн алгач мискер атайы адис дизайн даярдайт, андан соң минакари адиси анын сапатын жогорулатууга киришет. Глазурь кылуу иши 3-4 деңгээлде өтүп, ар бир деңгээли 700 градус ысыкта бышырууга киришет. Андан соң сүрөтчү ак нерсеге сүрөт тартып, аны 400 дөн 500 градус ысыкта бышырат да өзү каалаган сүрөттү тартат. Ал эми, азыркы тапта химиялык боектор колдонулса, байыркы заманда табигый чөптөрдөн жасалган боектор колдонулган.
Минакари эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Минакари адистери ар түрдү минакари эмгектерин жаратышкан, алардын түрүтөмөндөгүчө:
- Табак, Гүл салуучу ваза, чыны, кесе, сүрөттөрдүн каптары,
- эшиктер, терезелер жана күмбөздөр өзгөчө диний жерлер Минакари менен кооздолгон,
- кооздук буюмдары: айымдар боек салчу кутучалар, Хатемкари жана минакари кутучалары, чай жана шербет ичүүчү сервистер, калиян, Куран кутучасы, күзгү, калем салгыч, сүрөт салуучу альбом ж.б.
- Зергер бумдарды салуучу кутуча: сөйкө, шакек, билерик, медаль ж.б.
Түстөрдүн түрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Минакари өнөрүндө колдонулуучу түстөр:
- өсүмдүктөрдөн жасалган түстөр, аларды чытты иштетүүдө да колдонушат,
- Табигый түстөр, аларды сүрөт тартууда жана минакари өнөрүндө көп колдонушат,
- Обьектте колдонулуучу металлдык түстөр
Минакариде колдонулуучу негизги буюмдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Барак (алтын, күмүш, жез, темир, күрүч)
- Чеканка
- Эмаль
- Кагаз
- балка
- дөшү
- кисти
- Мес де темир кесүүчү кайчы
- порошок түрүндөгү боектор (өсүмдүк, табигый жана өсүмдүктөрдөн даярдалган)
- меш
Издөө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кол өнөрчүлүк
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Деххода сөздүгү,
- Минакари, замандын кол өнөрчүлүгү,
- Сасанид доорунун табагы, Метрополитен музейи
- Дехгани Сана, Минакари өнөрү, Исфахан таану тобу,
- Минакари жана Мариям Шейх Мехди, Өнөрчүлүк маданиятстаны
- Исфахан минакари өнөрү, Мени Исфаханым,
- Минакари өнөрү,
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Фарсы энциклопедиясы, 2981 бет.
- Вилсон Кристи, Иран кол өнөрчүлүгүнүн тарыхы, 164 бет.
- Минакари өнөрү жана анын тарыхы