Минданао

Википедия дан
Минданао.

МинданаоФилиппин архипелагынын түштүгүндөгү арал. Аянты 94,6 миң км2. Жанар тоо массивдери (бийиктиги 2954 м, Апо жанар тоосу) жана саздуу ойдуңдар, ири булуңдар, океанга кирип турган жарым аралдар мүнөздүү. Климаты субэкватордук, муссондук, түштүгү экватордук. Жылдык жаан-чачыны 1000–2000 мм (тоолорунда 4000 ммге жакын). Дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө тропик токою өсөт. Темир кени бар. Шалы, абака, ананас, кокос пальмасы өстүрүлөт. Ири шаарлары: Давао, Замбоанга.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]