Минералдык живопись

Википедия дан

Минералдык живопись – байланыштыргыч катары эриме айнекти колдонууга негизделген монументалдык-жасалга живописинин техникалык бир түрү. Түстүк каражаттары боюнча М. ж. фрескалык живописке окшош – ал тону (түсү) боюнча кооз, жегич кошундулардын таасири астында өзгөрүп кетүүчү боёкторду колдонбойт. Тартып жаткан учурда анын боёктуу катмары «кыймылдуу» түрдө кала берет да, иш бүтөөр маалында гана силикаттык байланыштыргыч менен бекемделет (пульверизатор жана жебилгенин жардамы менен). Ошондуктан М. ж. техникасы сүрөтчүнү убакытта чектебейт, ишти аткарып жаткан учурда ар кандай оңдоолорго, танапистерге жол берилет жана ишти бөлүктөргө бөлбөй бүтүрүүгө шарт түзөт. Бир нерсенин сырткы бетинде сүрөттөрдү тартууга жарактуулугу менен, шыбагынын жана боёк катмарынын бекемдиги боюнча М. ж. фрескалык живопистен бир топ эле артыкчылык кылат. Орнаменттүү иштер үчүн арналган М. ж-тин дагы башка түрү кездешет. Силикаттык байланыштыргыч бул жерде боёктордун курамынын өзүндө болот жана түстүк тону боюнча интенсивдүү келип, тунук боло алышпайт. М. ж-тин бул эки түрү тең XIX кылымда А. Кейм тарабынан иштелип чыккан жана бул техника анын атын алып жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]