Миниатюралуу лампа

Википедия дан

Миниатюралуу лампа - эң кичинекей өлчөмдөрдө жасалган кабыл алгыч-күчөткүч лампа; анын айнек баллонунун диаметри 19—22,5 мм, толук уз. 80 мм апшайт да, эрибей турган (коргошундуу же молибдендүү ж. б.) айнектен жасалат.

Миниатюралуу лампа колдонулушуна жараша ар кандай конструкцияда: диод, триод, тетрод, пентод, трпод-гептод ж. б. айкалыштырылган лампалар, электрон-нур ин­дикатору, электрометрия лампалары ж. б. түрүндө чыгарылат. Миниатюралуу лампа үнөмдүү жанa ишенимдүү келип, техниканын түрдүү тармактарында, радио аппараттарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.