Миннеаполис

Википедия дан

Миннеаполис – АКШнын түндүгүндөгү шаар. Дүйнөдөгү эң ири дан биржасы. Миссисипи дарыясынын боюнда жайгашкан порт (жылына 12 млн тонна жүк ташылат). Миннесота штатында. Калкы 386,8 миң (2010, Сент-Пол шаары жана шаар айланасы менен 3,3 млн). Эл аралык аэропорту бар. Мичиган көлү жана Аскалуу тоолордун аралыгындагы айыл чарба аймагынын башкы транспорт, соода очогу. Машина куруунун (ө. ж., электр-техникалык жабдууларын чыгаруучу) ири борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]