Миозит

Википедия дан
Миозит

Миозит — скелет булчуңдарынын сезгениши. Демейде бүт булчуңдар жабыркайт (полимиозит). Кээ бир оорунун (мисалы, грипп) кабылдоосу мүмкүн.[1]

Оорунун жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Миозитте кол, бут, дене булчуңдары сыздап ооруйт, кыймылдаганда оору күчөйт. Көбүнчө булчуң катууланат. Тери айрылып травма болгондо ал жерге инфекция түшүп, ириңдүү миозит өөрчүсө дене ысып, чыйрыгат, оорусу күчөп, шишийт, териси кызарат. Булчуңга мителердин (трихинелла, цистицерка) киришинен да миозит пайда болот. Ооруну себебине жараша врач дарылайт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алууда өтө чарчоодон, үшүп калуудан сактануу, коопсуздук техникасын сактоо керек, ошондой эле спортко катышуунун мааниси чоң.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

  1. Миозит: себептери, белгилери, диагностикасы жана дарылоо