Мирабдазизов Халил

Википедия дан

Мирабдазизов Халил (1914, Пишпек шаары – 1977, Ош шаары) – мамлекеттик ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун 1929-жылы Фрунзе – Токмок темир жол курулушунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1930-жылдан советтик, комсомолдук жана партиялык кызматтарда иштеген. 1950–53-жылдары Ош райкомунун, 1954–55-жылдары Ош обкомунун, 1955–60-жылдары Ош шаардык, Кара-Суу райондук партиялык комитеттеринин 1-секретары. Болгон. Ал жетекчилик кылган район пахта өстүрүү жана мал чарба азык-түлүгүн алууда Жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. 1947–55, 1959–63-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, 2 «Ардак Белгиси», Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]