Миранда (планета жандоочусу)
Көрүнүш
(«Миранда, планета жандоочусу» барагынан багытталды)
Миранда (Miranda) – Уранга эң жакын жайгашкан, жана негизги 5 жандоочунун эң кичинеси.
Уранга чейинки аралыгы 130 миң км, айлануунун сидерикалык мезгили 1,4 сутка, диаметри 480 кмге жакын.
Миранда 1948-жылы америкалык астроном Джерард Койпер ачкан. Аны күчтүү телескоп аркылуу гана көрүүгө болот, 17-жылдыз чоңдугуна барабар.
Кошумча макалалар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
- Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов