Мирдальсйёкюдль

Википедия дан

Мирдальсйёкюдль – Исландия аралынын түштүк бөлүгүндөгү муз катмары, мөңгү. Формасы тегерек, эң калың жери борбордук бөлүгүндө, 500 мдей. Аянты 700 км2. Бийиктиги 1480 мге жакын. Түштүк капталына жылына 4000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Мөңгүнүн этеги 200 мге чейин түшөт. Мөңгүнүн астында жана чет-жакаларында аракеттеги бир нече жанар тоо бар, эң ириси – Катла. Ал аракетке келгенде Мирдальсйёкюдлдун музу эрип, кыйраткыч катуу сел жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]