Мирзахалим Каримов

Википедия дан

Каримов, Мирзахалим - жазуучу, котормочу. 1952-жылы 29-декабрда Тажик Республикасынын Жерге-Тал районуна караштуу Бүтөө-Көл айылында туулган. 1969-жылы кыргыз орто мектебин бүтүргөндөн кийин 1971–1973-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1973-жылы Жерге-Тал райондук керек-жарак коомунда айдоочулук кесип менен баштаган.

1978-жылы Кыргызстанга келип, Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика бөлүмүн 1983-жылы аяктап, 1984-жылга чейин Жерге-Тал районундагы тажик жана кыргыз тилдеринде чыгуучу райондук «Коммунист» гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген. 1984-жылы Кыргызстанга көчүп келип, республикалык «Советтик Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу»), андан кийин Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын «Эл жарчысы» гезиттеринде кабарчы, бөлүм башчы, Иран Ислам Республикасынын Эл аралык «Альхудо» басмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүндө котормочу, «Азаттык» радиосунда штаттан тышкаркы кабарчы, «Жаңы кылым» гезитинде редактордун орунбасары болуп иштеген.

М.Каримовдун «Чыныгы сүйүү» деп аталган алгачкы аңгемеси 1978-жылы «Кыргызстан маданияты» жумалыгында жарыяланган. Студент кезинде эле анын аңгемелери, очерктери, өзбек, тажик тилдеринен которгон адабий эмгектери республикалык гезиттерде, «Ала-Too» ж.б. журналдарда жарыяланып турган.

1983-жылы «Мажүрүм тал» аттуу аңгемелер жыйнагы «Мектеп» басмасы тарабынан басылып чыккан.

М.Каримов «Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери» деп аталган котормо китебин түздөн-түз тажик тилинен которгон.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мажүрүм тал: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1983. – 40 б.

Кыя жолдор: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1987. – 107 б.

Жер жылдызы – Жерге-Тал: Аймактын 60 жылдыгына арналган. – Б.: 1991 – 128 б.

Каратегин: Аңгемелер, повесть, очерктер, күйдүргүлөр. – Б.: Бийик-тик, 2007. – 360 б.

Тажикстандык кыргыздар: Диалектологиялык түшүндүрмө сөздүк, оозеки чыгармалар, макал-лакаптар, очерктер, маектер. – Б.: Бийиктик, 2007. – 256 б.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тажик жазуучуларынын повесттери жана аңгемелери: – Ф.: Адабият, 1996. – 350 б.

Мухаммад пайгамбардын осуяттары: – Б.: Бийиктик, 2008. – 152 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]