Мирза Ибрагимов

Википедия дан
Мирза Ибрагимов
Ибрагимов Мирза Ажар оглы
Туулган датасы:

28 -октябрь 1911(1911-10-28)

Туулган жери:

Эва айылы, Түштүк Азербайжан, азыр Иран

Өлгөн датасы:

17 -декабрь 1993(1993-12-17) (82 жаш)

Өлгөн жери:

Баку

Ибрагимов Мирза Ажар оглы – (15(28). 10. 1911, Түштүк Азербайжан, Эва айылы, азыр Иран 17. 12. 1993, Баку)) азербайжан жазуучусу, коомдук ишмер, Азербайжан ССР ИАнын академиги (1945), Азербайжан ССР эл жазуучусу (1961), Социалдык Эмг. Баатыры (1981). Чыг-лыгы 1930-жылдардан башталган. Туңгуч драмалары «Турмуш» (1935), «Мадрид» (1938), «Махаббет» (1942). «Түштүк аңгемелери» цикли менен «Күткөн күн да келет» (1948) романында (КСРБ мамлекеттик сыйл., 1951) Ирандагы улуттук-боштондук кыймылы чагылдырылган. «Улуу таяныч» (1957) романынын жана Н. Наримановдун өмүрү жана революциялык ишине арналган «Пэрванэ» эпопеясынын (1969/70), «Кыштак кызы» (1962), «Жакшы адам» (1965) аттуу драмалык чыгармалардын, тил, адабият боюнча сын жана публ. макалалардын автору. 1965-жылдан Азербайжан жазуучулар союзунун башкармасынын биринчи катчысы, СССР Жогорку Советинин (1-5, 7-шайланышынын) депутаты. Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]