Мир Али Табризи

Википедия дан

Мир Али Табризи میرعلی تبریزی[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Годве Алькутаб (قُدوة الکُتّاب – араб каллиграфиясын баштоочу) ылакап аты менен белгилүү болгон Мир Али Табризи (14-15-кылымдар) (болжол менен 1320-жылы дүйнөдөн кайткан) иран каллиграфиясынын баштоочусу болгон. Аны иран өнөрчүлүгүнө таандык ажайып кооз жазуу Насталиктин түптөөчүсү жана жайылтуучусу катары билишет. Каллиграфиянын түптөөчүсүнүн өмүр баяны жөнүндө толук маалымат калган эмес, бирок ал бир канча убакыт Тебризде жашаганы маалым. 14-кылымдын биринчи жарым жылдарында Мир Али Табризи деген ат менен эки адам бар брлгон: алардын биринчиси Мир Али ибн Илиас Табризи, ал эми экинчиси ажайып Насталик жазуусунун түптөөчүсү Хасандын уулу Мир Али ибн Хасан Табризи болгон. Мир Али Табризинин дооруна чейин Насталикке окшош кол жазмалар жана аларды окуткан атайы устаттар бар болгон, бирок Мир Али Табризи ал жазууга бир далай өзгөчөлүктөрдү жана эрежелерди киргизип аны дээрлик сулуу, ажайып кооз жазууга айланткан. Андыктан, Мир Али Табризиден кийинки (Насталик) сулуу жазуу устаттары аталган жазууну так ошол Мир Али Табризиге таандык деп билишет, кандай болсо да Мир Али Табризи насталик жазуусунун түптөөчүсү болбосо да аны жакшыртып, жеткиликтүү эреже киргизип элге жайылткан адам болгон деп айтууга болот. Мир Али Табризи “насх” жана “талик” эки ажа йып кооз жазууну бириктирип, алгач аны “Насх-е таалиг” деп, андан соң “Насталик” деп атаган. Ошондон баштап Иранда эл ичине кеңири тараган ажайып кооз жазуу “насталик” деген ат менен белгилүү болгон. Күндөрдүн биринде Мир Али түндө уктап жатып түшүндө ажайып кооз жазуу жөнүндө аңгеме көрөт, түшүндө каздарды жана алардын учкандагы назик кыймыл аракеттерин туурап тартып отурат. Ошентип насталик жазуусунун оймо чиймелерин каздарын кыймылына окшоштуруп жазып, андан эргүү жана илхом алган деген аңгеме айтылып калган. Алгач насталик жазуусунун түрү жана тартиби оңойураак болгон, бирок Мир Али аны толуктаган. Бул жазуунун түзүлүш өзгөчөлүгү ыр жазууда абдан ыңгайлуу. Артур Поп белгилүү көркөм өнөр жана иран таануучу: “...насх жазуусу толук жана салмактуу, ал эми талик жазуусу таасирдүү жана өкүмдүү жазуу” деген. Бул эки жазуунун тартибинин өзгөчөлүктөрү менен ажайып кооз, жумшак, назик жазуу насталик келип чыккан. Жазуунун бул түрүн ирандыктар жайылтып, ирандын мыкты жактарын, аалам таанусун жана цивилизациясын элге көрсөтө алышты. Насталик жазуунун башталышы, ал эми талик жазууну толуктоочусу, кийинчерээк Жафар Табризи, Султан Али Машхади, Мир Омад Хасани жана башкалар тарабынан толугу менен бышып жетилген. Мир Али Табризи бир мезгилдерде Багдадда Султан Ахмад Жалаирдин хан сарайында (1404-1434ж.ж.) кызматчы болуп иштеген жана ал заманда Багдаддын элинин расмий тили араб тилдүү болгондугуна карабай “Кожо Кермани (1419-жылы) чыгармасын фарсы тилинде жазган. Ал эми Мир Али Табризи насталик жазуусу менен жазган Кожо Керманинин “Хамаи жана Хамайон” чыгармасы Британиянын китепканасында сакталган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Деххода сөздүгү
  • Британия энциклопедиясы
  • Жазуу өнөрүнүн пайда болушу жана өнүгүүсү. 135 б.
  • Иран Ислам Республикасынын маданият үйү – Хейдар Абад
  • Atiq R. Siddiqui P 17.
  • Annemarie Achimmel.
  • Рахжири, Али: 72-75
  • Хабибуллах Фазаили, Жазуу атласы, 444 б.
  • Гами катчысы, Ахмад ибн Хосейн, Өнөр гүлстаны: Он алты
  • Фазаили, 453-454 бб.
  • Жазуу машыгуусу,

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

*Фасаили Хабтбуллах, Жазуу атласы, Исфахан басмаканасы, 2-басылыш, Исфахан 1983-жыл.
  • Sarita Book House, Delhi، The story of Islamic Calligraphy،Atiq R. Siddiq.
  • «Mīr ʿAlī of Tabriz»., Британия энциклопедиясы, 2011-жылы 24-январда кайрадан оңдолгон.
  • The Metropolitan Museum of Art، Islamic Calligraphy،Barbara Rivolta،Annemarie Achimmel
  • «Mir Ali Tabrizi», Википедиядагы катышуучулар, Англис тилиндеги википедия булагы, 2008-жылы 11-апрелде кайрадан оңдолгон.
  • Иран Ислам Республикасынын маданият үйү, Хейдар Абад
  • Жазуу эволюциясы
  • Деххода сөздүгү, Мир Али Табризи сөзүнүн алдында
  • Ясавали Жаваддын аракети менен “Жазүү өнөрүнүн пайда болушу жана өнүгүшү” 1981-жыл.

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D9%85%DB%8C%D8%B1%D8%B9%D9%84%DB%8C_%D8%AA%D8%A8%D8%B1%DB%8C%D8%B2%DB%8C Маданият, билим, кооз жазуу өнөрү, Насталик,