Мисиров Амангелди

Википедия дан
Мисиров Амангелди
[[Файл:
|220px]]
Туулган жери:

Чапкындык айылы, Сузак району, Джалал-Абад облусу.

Ишмердүүлүгү:

Жазучуу

Чыгармаларынын тилдери:

Кыргызча

Мисиров Амангелди - балдар акыны жана жазуучу. Сузак районунун Чапкындык айылында 1943-жылы 9-февралда туулган. 1951-жылдан «Кызыл пахтачы» орто мектебинде окуган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун Сузак районундагы В.И.Чапаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. Кийинчерээк «Кызыл пахтачы» орто мектебинде, Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында мугалим, 1989–1993-жж. Ош, Жалал-Абад облустук гезиттеринде журналисттик кызматтарда иштеп, 1994-жылдан мугалимдик кесибин улантып келет.

1973-жылдан анын ыр, аңгеме, жомоктору «Кыргызстан пионери», «Байчечекей», «Ленинчил жаш» гезит-журналдарында жарык көрө баштаган. Балдар үчүн жазган чыгармалары республикалык, облустук телерадиолордон да берилип келген.

Балдар үчүн жазылган ырларына обончулар тарабынан обондор чыгарылган.

1990-жылы «Балалыктын үнү» аттуу алгачкы китеби «Адабият» басмасынан басылып чыккан.

2000-жылы Ош облусунда жарык көргөн мектеп жашындагы таланттуу балдардын «Жаш кыял» деген ырлар топтомуна баш сөз жазган.

«Күн, суу, адам, шамал ж.б. жөнүндө» аттуу жомогу 3-класстын хрестоматиясына, чыгармалары А.Токтомаметовдун «Адабий окуу» китебине киргизилген.

«Ош – 3000», «Ош пирим – 2000» сынагынын лауреаты болуп, «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана шаардык Кеңешинин Ардак грамотасына татыктуу болгон.

1989-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балалыктын үнү: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 17 б.

Акылдуу улактар: Аңгеме, Жомоктор. – Ош, 1993. – 32 б.

Сүрөтчү булуттар: Ырлар. – Ош, 1995. – 52 б.

Ырым-жырымдар жана түш жоруу. – Ош, 1997. – 38 б.

Күн, Суу, Адам жана башкалар жөнүндө жомок. – Ош, 2007. – 46 б.

Дүйшө палван: Даректүү аңгеме. – Ош, 2007. – 67 б.

Мекен ташы: Ырлар. – Ош, 2008. – 44 б.

Күн, Суу, Адам жана башкалар жөнүндө жомок, Аңкоо дөө...: Аңгемелер. К-те:Кубан бөбөк. - Б.: Учкун, 2009. - 52-57-б.

Акылдуу бол: Аңгеме, жомок, ырлар. – Ош, 2010.

Ыйман сыры: Ырлар, жомоктор, aнгемелер - Бишкек, 2012

Тартипсиз мамалак: Жомоктор - Бишкек, 2011

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]