Миссури

Википедия дан
Миссури.
Миссури.

Миссури (жергиликтүү индей тилинде – булганыч дарыя) – АКШдагы дарыя, Миссисипинин ири оң куймасы. Узундугу 4740 км (башка маалыматтар боюнча 3970 км), алабынын аянты 1370 миң км2 (анын 10 миң км2дейи Канаданын аймагында). Аскалуу тоолордун чыгыш капталдарынан, Йеллоустон улуттук паркынын чегинен башталган Жефферсон (негизги түзүүчүсү) жана Мадисон сууларынын кошулушунан пайда болот. Жогорку бөлүгү Аскалуу тоолору, Миссури платосу (айрым жерлеринде капчыгай менен агып, босоголорду пайда кылат), Борбордук түздүктөр (мында нуктары туруксуз, жайык жайылмаларынын жээктерине ташкындан сактаныш үчүн тосмолор курулган) аркылуу агат. Ири куймалары: Йеллоустон, Платт, Канзас (оң). Жогорку бөлүгүндө кар, ортонку жана төмөнкү агымдарында негизинен жамгыр сууларынан курулат. Жазында суусу кирип (деңгээли чатында 12 мге чейин көтөрүлөт), кыян жүрөт; жайында тартылат. Орточо чыгымы чатында 2600 м3 /сек (эң көбү 19 миң м3/сек, эң азы 120–150 м3/сек). Суусу өтө киргилт, ылайлуу. Жылына 220 млн тонна шиленди агызып келет. Миссуридеги жана анын алабындагы ири суу сактагычтар (Форт-Пек, Гаррисон, Оахе) дарыя агымын, ирригацияны, энергетиканы жөнгө салып турат. Ири дарыя кемелери Су-Сити, чакандары суу мол кезде Форт-Бентон шаарына чейин жетет. Маанилүү шаарлары жанаа порттору: Омаха, Канзас-Сити ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]