Мистерия

Википедия дан

Мистерия - Батыш Европадагы диний театрдын 14—16-кылымда өкүм сүргөн жанры.

  • Мистериялык оюндардын сюжеттери диний китептерден алынган. Оюндар шаар бийлөөчүлөрү жанa кол өнөрчү цехтер тарабынан даярдалып, шаар аянттарында салтанаттуу күндөрдө, көбүнчө ярмарка өткөн учурларда коюлган. Мистерия оюндарында диний мистика менен катар турмуштук реа­лизм да бар болгон. Реалисттик элементтери күчөп кеткен себептүү Мистерияга 16-кылымда тыюу салынган.
  • 19—20-кылымда Мистерияны жаңы шартка ылайык кайра жандандыруу аракеттери болгон.
  • 10- кылымда Мистерия сымал оюндар Иранда да коюлуп жүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.