Митохондриялар

Википедия дан
Митохондриялар.
Митохондриялар ДНК.

Митохондриялар (грекче mitos – жип, chondrion – бүртүк, данча), хондриосомалар – өсүмдүк менен жаныбар клеткасында дайыма кездешүүчү органоид. Ал клетканын дем алуусун камсыз кылат, дем алууда энергия бошонот же жеңил өздөштүрүлгүдөй формада топтолот. Бактерия, көк жашыл балыр ж. б. прокариоттордо митохондриялар болбойт. Аларда митохондриялардын кызматын клетка мембранасы аткарат. Митохондриялар тоголок, таякча, гантель сымал ж. б. формада болот, өлчөмү 0,5– 1,5 мкм. Митохондриялардын чоңдугу, саны, формасы жана милдети тышкы таасирге, патологиялык процесске жана клетканын физиологиялык абалына жараша өзгөрүп турат. Ички түзүлүшү бирдей. Негизги заты – матрикс эки кат мембрана менен капталган, алардын ичкиси кристер деп аталган туура тоскоолдорду пайда кылат. Митохондриялардын белок менен липиддин татаал комплексинен турган мембранасында окистенүү жана фосфорлонуу процесстерин катализдөөчү ферменттер топтолгон. Ички жана сырткы мембрана липиддердин саны жана ферменттердин курамы боюнча айырмаланат. Митохондрияларда жипчелер түрүндөгү дезоксирибонуклеин кислотасы (ДНК), рибонуклеин кислотасынын (РНК) бардык түрү жана рибосомалар бар. Ошондуктан митохондриялар белокту синтездөөгө жөндөмдүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]