Мифологиялык образдар

Википедия дан

Мифологиялык образдар – адабият менен искустводо мифтердин негизинде жаралган образдар. Андай каармандар реалисттик негизге ээ болуу менен бирге, мифтик каармандарга мүнөздүү болгон элдин үмүт-тилектерин, фантастикалык сапаттарын алып жүрөт. Буга эл үчүн өз жүрөгүн сууруп берген Данконун образы ачык мисал боло алат. Мифологиялык образдар көптөгөн мезгилдерден бери эле эстетикалык күчкө ээ болуп келе жатканын орто кылымдагы Фирдоусинин “Шах-намесинен” тартып, бүгүнкү күндөгү колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылы” романына чейинки көп чыгармалардан көрүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004