Михаил Аксаков

Википедия дан

Аксаков, Михаил Георгиевич (Михаил Голубев) (1912–1974) - жазуучу, котормочу. Воронеж шаарында 1912-жылы 4-ноябрда туулган. 1932-жылы Ташкенттеги Орто Азиялык ирригация инженердик политехникумун бүтүрүп, 1939 - 1941-жж. Ленинграддагы мамлекеттик университеттин география факультетинде сырттан окуган.

Эмгек жолун 1932-жылы инженер-гидротехник болуп иштөөдөн баштап, 1934 - 1942-жж. Фрунзе шаарында Гидрометкызмат башкармалыгында иштеген. 1942-жылы Фрунзе шаарындагы комсомолдун Пролетар райкомуна катчы, ошол эле жылдын августунда Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ысык-Көл обкомунун катчысы, 1943-жылы Кыргызстан КП БКнын инструктору, 1945-жылы Кыргызстан КПнын Фрунзе обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1948–1951-жж. Кыргыз Республикасынын ар түрдүү тармактагы ишканаларында жетекчилик кызматтарда, 1951 - 1953-жж. «Кыргызстан» альманахынын жооптуу катчысы, 1953 - 1955-жж. «Литературная газетанын» Кыргызстан боюнча кабарчысы, 1965-жылдан тартып «Литературный Киргизстан» журналынын башкы редактору болуп иштеген.

1953-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1955-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

«Кызыл жылдыз» ордени, «1941 - 1945-жылдардагы каарман эмгеги үчүн», «Эмгектеги өзгөчөлүгү үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы, ВЛКСМ БКнын жана ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин II чакырылышынын депутаты. Кыргызстан КПнын Фрунзе обкомунун бюросунун (1946-ж.) мүчөсү болуп шайланган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Киргизия: Очерк. - М.: Госкиноиздат, 1952. - 32 с.

Братья: Рассказы. - Ф.: Киргизгосиздат, 1953. - 155 с.

Учитель пения: Рассказы - Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. - 92 с.

Горными тропами: Рассказы. - Ф.: Киргизгосиздат, 1962. - 141 с.

Цветы и камни. - Ф.: Кыргызстан, 1970. - 148 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]