Михаил Калинин

Википедия дан

Калинин Михаил Иванович [7 (19). 11. 1875, Тверь губерниясы, Корчев уезди, Жогорку Троица кыш. (азыркы Тверь облусу Кашинск району) —3. 6. 1946, Москва] — советтик мамлекеттик, партиялык жана орус революциясынын ишмери, Социалисттик Эмгек Баатыры (1944). 1900-1916 жылы революциялык иши үчүн бир нече жолу камалып, сүргүнгө айдалган. (1905—07 жылдагы) революциянын катышуучусу, РСДРПнин Нарва райондук, Петербург комитеттеринин, куралдуу көтөрүлүш даярдоо боюнча аскер штабынын мүчөсү. РСДРПнин 4-съездинин (190б) делегаты. 1908—10-жылы Москвада партиялык иштерде. РСДРП(б) БКнин бюро мүчөсү (1912–13). 1917-жылы Февраль революциясына активдүү катышкан. РСДРП(б)нин Петроград комитетинин, «Правда» гезитинин редакциясынын, Жумушчу жана солдат депутаттарынын Петроград советинин мүчөсү. Октябрь ревясынан кийин (1917) Петроград шаар чарба комиссары, ББАКтын (1919—38), СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы (1938—46) болуп иштеген. РКП(б) БКнын мүчөсү (1919-46), ВКП(б) БКнын Саясий бюросунун мүчөсү (1926— 46). Россияда Калининград шаары, Калининград облусу жана башка, Кыргызстанда кыштактар Калининдин ысмынан аталат. Үч Ленин, эки Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Сөөгү Кызыл Аянтка коюлган. 1946-жылы Москвада Калининдин музейи ачылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]