Михаил Кутузов

Википедия дан

Кутузов Михаил Илларионович, Голенищев, Кутузов [5 (16). 9. 1747, СанктПетербург — 16 (28). 4. 1813, Польша, Бунцлау, азыркы Болеславец, сөөгү Петербургдагы Казан соборуна коюлган] — граф (1811), улуу князь (1812), орус мамлекеттик жана аскер ишмери, кол башчы жана дипломат, генерал-фельдмаршал (1812). 1761-жылы Дворяндык артиллериялык-инженердик мектепти бүткөн. 1762-жылы Астрахандагы жөө аскер полкунда рота командири. Орус-түрк согушунда (1768—74) бир катар салгылаштарга катышкан. Рябая Могила, Ларг (1770), Кагуль (1770) жана Попешты алдындагы салгылаштарда согуштук жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. 1774-жылы Шума кыштагына (азыркы Кутузовка) жакын Алуш алдындагы салгылашта оор жарадар (оң көзүнөн ажыраган) болгон. 1777-жылдан Крымда жана түштүк чек араларда Суворовдун кол алдында кызмат өтөгөн. 1784-жылы генерал-майор аскер наамы берилген. 1785-жылдан Буг егер корпусунда командачы. 1790-жылы декабрда 6-колоннага командалык кылган жана Измаилди штурмалоого, Бабадаг менен Мачидеги салгылаштарга (1791) катышкан. Кутузов 1792—94-жылдары Константинополдо атайын орус элчилигин башкарган. 1797-жылдын аягынан финляндиялык инспекциянын инфантерия инспектору жана Рязань мушкетёрлор полкунун башчысы. 1799—1801-жылдары Литванын, 1801—02-жылы Петербургдун аскер губернатору. Орус-австрия-француз согушунда (1805) орус армиясынын башкы командачысы. 1806—12-жылдардагы орус-түрк согушунда Молдавия армиясынын башкы командачысы. Ата Мекендик согуштун (1812) башталышында Кутузов Петербург, кийин Москва ополчениесинин начальниги, орус армиясы Смоленскини алдыргандан кийин (8-августтан) башкы командачы. Бородино салгылашынан кийин Кутузов армияны сактоо үчүн Москваны душманга каршылыксыз калтырып, Тарутин лагеринде күч топтоп, партизан кыймылын уюштурган жана душманды Москвадан чегиндирип, согуш убагында бөлүнгөн Смоленск тарабы менен кууп жөнөгөн. Баскынчыларды Березина дарыясынында биротоло талкалагандыгы үчүн Смоленск князы Александр Невский ордендери менен сыйланган. Кутузовго Санкт-Петербургда (1837; Б. И. Орловскийдин долбоору боюнча) жана Москвада (1973; Томский ж. б. долбоору боюнча) эстеликтер тургузулган. Анын ысмынан Улуу Ата Мекендик согушта (1941—45) 1-, 2- жана 3-даражадагы Кутузов ордендери чыгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]