Михайленко, Евгений Ефимович

Википедия дан
Михайленко Евгений Ефимович

Михайленко Евгений Ефимович (1921, Каракол ш. — 1944, Украина, Соколь ш.) — гвардиянын ст. лейтенанты, лётчик-аткыч. Советтик Союз Баатыры (26.10.1944).
1942-ж. учкучтардын Чкалов атындагы жогорку авиация окуу жайын бүткөн.
1941-ж. Советтик Армияга чакырылган.
1942-ж. июлдан согушка катышкан. 92-гвардиялык штурмалоочу авиация полкунун эскадрильясынын (l-Украина фронтунун 2-аба армиясынын 5-штурмалоочу авиациялык корпусунун 4-гвардиялык штурмалоочу авиациялык дивизиясы) командири. 108 согуштук учуш жасап, душмандын көптөгөн техникасын, аскерлерин, транспорт түйүндөрүн, ок-дары сакталган складдарын талкалаган.
Львов облусундагы Соколь шаарында аба салгылашында курман болгон.
Ленин, 2 Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.