Мицелла

Википедия дан

Мицелла (латын тилинен   а — майда бүртүк-чө) — коллоиддик системадагы дисперстик фазанын электронейтралдуу эң майда бөлүкчөсү. Ар бир М. эриткичте эрибеген ядро, адсорбциялык жана диффузиялык катмардан турат. Диффузиялык катмар заряддуу бөлүкчө- гранулага жараша болот: оң иондорду адсорбциялаган потенциал аныктоочу мицелла ядросу оң заряддуу грануланы пайда кылат. Мисалы, AgI, Ag,Вr, FеОСl жана башка Терс иондорду адсорбциялап алган ядро терс заряддуу грануланы пайда кылат Мисалы, SiO 2, АgСl, AgI.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]