Мичиган Университети

Википедия дан
Мичиган Университети.

Мичиган Университети (англ. University of Michigan; U-M, UM, UMich, же U of M) - көп учурда "Мичиган деп айтылат. Ал мамлекеттик изилдөө университети болуп саналат. АКШдагы, Мичиган штатынын Анн-Арбор шаарында жайгашкан. 1817-жылы Детройтто Catholepistemiad, же University of Michigania деп негизделген. Ал Мичиган территориясы штат болооруна 20 жыл калганда ачылып, ал штат боюнча байыркы жогоркуу окуу жайы болуп саналат. 1821-жылы ал расмий түрүндө Мичиган университети деп аталган Ал эми Анн-Арборго 1837-жылы 16 га жерди ээлеп, азыркы борбордук кампусу турган жерге жайгашкан. Анн Арборго жаңы ачылгандан бери дагы кенейип, 584 ири имараттарды негиздеп, 780 акр жерди ээлеген. Аларга Борбордук кампустун, Түндүк Каспустун, Флинтте, Дирборнда жана Детройттун борборундагы аймактарды камтыйт. Ал Америкалык ЖОЖдордун ассоциациясынына кирет.

АКШдагы ЖОЖдордун алдыңкы изилдөө университеттеринин бири болуп саналат, жана ошондой эле Карнеги фондунун доктордук окуу жайы катары эң мыктысы деп классификацияланат. Ал бүтүрүүчүлөргө ар тараптуу доктордук программаларды - гуманитардык, коомдук илимдер жана STEM багыттарын (илим, технология, инженерия жана математика) сунуштайт. Мындан тышкары бизнес, медицина, мыйзам, фармация, коомдук иш, коомдук саламаттык сактоо, стоматологиялык жана башка программалары бар. Мичиган университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн саны 540,000ден ашуун, жана дүйнө жүзү боюнча бүтүрүүчүлөр боюнча окуу жайлардын бири болуп турат.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]