Миң-Жар мөңгүсү

Википедия дан

Миң-Жар мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун Түндүк капталындагы төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 8 км, аянты 10,2 км2. Кызыл-Суунун (батыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5850 м, этеги 3680 м бийиктикте. Кар чегинин бийиктиги 4100 м, абляциясынын аянты 2,6 км2. «Тили» узун шынаа сымал кууш келип, фирн облусу көп камералуу жазы төрдө жатат. «Тилинин» учу морена чөкмөлөрү менен текши капталган. Мөңгүдөн Миң-Жар суусу башталып, Кызыл-Сууга сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]