Миң-Жар (суу)

Википедия дан

Миң-ЖарАлай өрөөнүндөгү суу, Кызыл-Суунун сол куймасы.

Узундугу 26 км. Алабынын аянты 195 км². Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3500 м. Чоң-Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүдөн башталып, таштуу кууш жана жарлуу өрөөн аркылуу түндүктү, анан батышты карай агат. Алабы мөңгүлүү. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Эң ири куймасы — Катта-Бешик (сол).
Жылдык орточо чыгымы 2—3 м³/сек, эң көбү июнь — июлда, эң азы февраль — мартта байкалат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.