Модал сөздөр

Википедия дан

Модал сөздөр — сүйлөмдө айтылган ойдун мазмунунун чындыкка карата болгон ар түрдүү катышын көрсөтөт.

Модал деген термин латындын «modus» ― ык, жол деген маанидеги сөзүнөн алынган. Тактап айтканда сүйлөөчүнүн тигил же бул кыймыл-аракетти иш жүзүнө (чындыкка) ашырууга мүмкүндүгүн, зарылдыгын, айтылган ойдун аткарыларына ишенгендикти, күмөндүүлүктү же болжолдоо, ырастоо сыяктуу субъективдүү мамилесин билдирет.

Тарыхый жагынан модал сөздөр маани берүүчү негизги сөздөрдөн чыккан. Кийин сүйлөм ичинде жаңы функцияда айтылган ойдун чындыкка карата болгон мамилесин көрсөтүү функциясында колдонула башташы менен, алар акырындап алгачкы лексикалык маанисинен алыстап, абстракттуу мааниге ээ болуп, сөздөрдүн өзүнчө бир тобун түзүп калган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4