Моделдөөчү цифралуу түзүлүш

Википедия дан

Моделдөөчү цифралуу түзүлүш - кээ бир матем. операцияларды (интегралдоону, өзгөрмө чоңдуктарды көбөйтүүнү ж. б.) аткаруучу функциялык блоктору бар ЦЭМ.

Блоктордун ар биринде сандан түзүлгөн алгоритм чыгарылышы мүмкүн. Ошондуктан Моделдөөчү цифралуу түзүлүштүн функциялык блокторунун иштеши ЦЭМдин иштөө принцибине окшош. Моделдөөчү цифралуу түзүлүштүн блок­тору бир бири менен чыгарылуучу маселеге туура келүүчү схема боюнча кошулат. Мындай схеманы түзүү аналогдуу эсептегич машинада (АЭМ) эсеп чыгаруу үчүн түзүлгөн структуралык схемага окшош, б. а. ЦЭМ менен АЭМдин ортосундагы арабок абалды ээлейт: ал ЦЭМдин эсеп чыгаруудагы тактыгын, АЭМдин программа түзүүдөгү жөнөкөйлүгүн камтыйт.

Структурасы боюнча Моделдөөчү цифралуу түзүлүштүн удаалаш жанa жарыш түрлөрү бар. Удаалаш Моделдөөчү цифралуу түзүлүштө бардык функциялык блоктор үчүн арифм., эске тутуучу, башкаруучу түзүлүштөр жалпы бо­лот. Ар түрдүү блоктор аткара турган операциялар убакыт боюнча удаалаш аткарылат. Жарыш Моделдөөчү цифралуу түзүлүштүн ар бир блогу өз алдынча түзүлүш болуп эсептелет. Бардык блоктордо опе­рациялар бир убакта аткарылат. Моделдөөчү цифралуу түзүлүштүн эң кеңири жайылган түрү - кадимки дифференциал теңдемелердп чыгаруу үчүн колдонула турган цифралуу дифференциал талдагыч.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.