Мойдунов Эрмек

Википедия дан

Мойдунов Эрмек (10. 8. 1945-жылы туулган, Ош. областы, Кара-Суу району, Жапалак айылы) – ырчы.

Кыргыз Республикасынын эл артисти (1994).

М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуган (1962–67), Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн (1977). 1967-жылдан Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын Ч. Кожомжаров жетектеген эстрада ансамблинде, 1970-жылдан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде, 1994–99-жылдары филармонияда солист, директордун орун басары, 1999–2012-жылдары Кыргыз Улуттук консерваториясында окутуучу болуп иштеген. Алгач 1967-жылы обончу А. Атабаевдин «Эне жөнүндө баллада» аттуу обондуу ырын аткаргандан кийин белгилүү болгон. Мойдунов М. Рыскулбековдун («Эсте энелер», «Сапарлашыма», «Саргарган гүл», «Күтүү вальсы»); Т. Казаковдун («Эстелик», «Шумкар»); С. Жумалиевдин («Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Кетпейм сага жолукмайынча»); К. Молдобасановдун («Жайлоодо»); А. Огомбаевдин («Күйдүм чок»); З. Иманалиевдин («Накинай» ж. б. обончулардын ырларын зор чеберчиликте аткарган. СССРдин союздук республикаларында жана көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. КМШ жана көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]