Молдобаев Бедел
Молдобаев Бедел Ноокат районунун Кожеке айылында 1933-жылы 10-майда туулган.
1952-жылы Кожеке орто мектебин, 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
1955–1959-жж. мектепте мугалимдик кесипте, 1959–1970-жж. Ноокат райондук “Ноокат таңы” гезитинде бөлүм башчы, башкы редактордун орун басары, 1970–1975-жж. Ош облустук телерадио комитетинде редактор, теле берүүнүн башкы редактору, 1975-жылдан Ноокат районунун райондук гезитинин бөлүм башчысы болуп иштеп, райондук архив бөлүмүн жетектеген.
1979-жылы “Чабалекей” аттуу ырлар жыйнагы “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн.
Акындын “Наристе” ж.б. ырларына обон жаралган.
1965-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 2011-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Чабалекей: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 46 б.
Кумарлуу күндөр: Ырлар, аңгемелер. – Ош облустук басмаканасы, 2006, – 148 б.
Кайран кишилер. – Ош облустук басмаканасы, 2007. – 168 б.
Кылымдарга саякат. – Ош облустук басмаканасы, 2008. – 172 б.
Чынар терек. – Ош: Достук, 2011. – 76 б.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6