Мазмунга өтүү

Молдобаев Совет

Википедия дан

Молдобаев Совет (10. 12. 1934-жылы туулган, азыркы Чүй областы, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы) – химия илимдеринин кандидаты (1964), профессор (2001), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000), Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген ишмери (2003), Билим берүүнүн отличниги (1981), Ж. Баласагын атындагы сыйлыгынын ээси (1998). КМУну (1956), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Химия институтунун аспирантурасын (1959) бүтүргөн. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда кенже илимий кызматкер (1955–64), КММУда улук окутуучу (1964–65), доцент (1965–2001), кафедра башчысы (1966–79, 1984–94), профессор болуп иштеген. 2007-жылдан Табият илимдеринин экологиялык билимдерди окутуу боюнча ЮНЕСКО кафедрасынын башчысы. Анализдик химия боюнча адис. С. Молдобаевдин илимий изилдөөлөрүнүн негизги багыты – Кыргызстандагы түстүү чополорду анализдөөгө, амид (аладин, валид ж. б.) кислоталарынын өтмө металлдарды пайда кылуусун аныктоого арналган. 90дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 окуу китеби жана16 окуу куралы жарык көргөн. Эмгектери: Химические методы разделения и обнаружения ионов в водных растворах (уч. пособие). Б., 1993; Изучение влияния спектрохимических буферов на определение микроэлементов в почвах атомноабсорбционным методом. Б., 1994; Аналитикалык химия. Б., 1998; Аналитикалык химия боюнча маселелер жыйнагы. Б., 2000.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]