Молдомуса Конгантиев

Википедия дан

Молдомуса Ташболотович Конгантиев (31. 3. 1958-жылы туулган, Ош облусу, Майлы-Сай шаары) – генерал-лейтенант (2008). 1989-ж. КМУну бүткөн. 1979–80-жылдары Майлы-Сай шаардык ички иштер башкармалыгына караштуу мамлекеттик банктын күзөт бөлүмүндө милиционер, 1980–85-жылдары Майлы-Сай шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүндө нөөмөтчүнүн жардамч ысы, милиционер, 1985–91-жылдары Өзгөн, Кара-Суу, Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмдөрүндө инспектор, нөөмөтчү улук оперуполномочен, СССР ИИМдин регион аралык башкармалыгынын Жалал-Абад облустук бөлүмүндө улук оперуполномочен, 1991–93-жылдары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальниги, 1993-жылдан оперативдик иштер боюнча начальниктин орун басары, 1995–98-жылдары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында издөө бөлүмдүн начальниги, 1998–99-жылдары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальнигинин орун басары, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында, 1999–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер минстрлигинин регион аралык башкармалыгында бөлүмдүн начальниги, 2000–01-жылдары Сузак райондук ички иштер бөлүмүндө кадрлар боюнча начальниктин орун басары, 2001–02-жылдары Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүндө, 2002–05-жылдары ЖалалАбад облустук ички иштер башкармалыгында шаардык ички иштер бөлүмүндө бөлүмдүн начальниги, 2005–08-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2008–10-жылдары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]