Мольер

Википедия дан

Мольер (чын аты-жөнү – Жан Батист Поклен; 15. 1. 1622, Париж – 17. 2. 1673, ошол эле жер) – француз драматургу, актёр, театр ишмери. Клермон коллежин бүткөн (1639). Реалисттик драматургияга негиз салган. «Жогорку комедия» жанрын түзүүчү. «Көркөм театрды» (1643) уюштургандардан. Кыдырып жүрүүчү театр труппасы менен элге өнөр көрсөтүп, чакан күлкүлүү пьесаларды жазган. Алгачкы «Эрке» (1663), «Махабат өкүнүчү» (1663) аттуу көлөмдүү комедияларында карапайым элдин турмушун сүрөттөгөн. М-дин даңкын чыгарган «Тартюф» (1664), «Дон Жуан» (1665), «Мизантроп» (1666) комедиялары. Аларда ак сөөктөрдүн эки жүздүүлүгү, диний моралдын жалгандыгы ашкереленет. М-дин комедиялары Россия театрларында 18-кылымдан коюла баштаган. Чыгармалар кыргыз тилине которулган («Жорж Данден же акмак болгон күйөө», 1939, которгон У. Абдукаимов).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]