Момуналиев Нурханбек

Википедия дан

Момуналиев Нурханбек Сакенович- коомдук ишмер, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскача өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылында 1971-жылдын 5-февралында төрөлгөн. 1992-жылы Архитектура-курулуш техникумун “техник-курулушчу” адистиги боюнча аяктаган. 1999-жылы Чүй университетин “салык иши” адистиги боюнча билим алган. Ал эми 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясын аяктаган.

Эмгектеги ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1992-1995-жылы Референт,“МАВIТПФ, 1995-1996-ж Участоктун мастери, Ленин районунун № 2 ТЭБ, 1996-1998-жылдары Башкы инженер, Октябрь районунун № 15 ТЭБ, 1998-1999-ж Директор, “Бишкектуракжайоңдоо” АК № 15 филиалында 1999-2000-жылы Башкы инженер, Свердлов районунун “Бишкектуракжайоңдоо” АК № 9 филиал 2000-2001-ж Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын өнөр жай, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгкетенген. 2001-2002-жылдары Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын кеңешчиси – башкы адис. 2002-2003-жылдары Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жалпы бөлүмүнүн начальниги. 2003-ж Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси. 2003-жылы Кара-Балта шаардык башкармасынын жаштар иштери боюнча жетектөөчү адиси. 2003-2005-ж Финансылык-экономикалык талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, экономист, “Кара-Балта кен иштетүү комбинаты” ААК 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызматты башкаруунун жана региондук өнүктүрүүнүн уюштуруу иштери боюнча инспектору. 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Аппарат жетекчисинин жардамчысы. 2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы Өкмөттүн туруктуу өкүлү. 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Институту жана борбордук органдар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисинин орун басары 2010-жылы Кыргыз Республикасынын министри – Өкмөттүн Аппарат жетекчиси.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдышев К."Кылым инсандары" Бишкек 2003-жыл.