Момундук жана жапакечтик

Википедия дан

Момундук жана жапакечтик– дүйнөгө көз караштын жан көркөм чыгармачылыктын типтерин мүнөздөө үчүн, табияттагы объективдүү предметтер менен рефлексдеги пластикалык көрүүгө негизделген чыгармачыл субъект менен предметтик дүйнөнү ажыратууда Шиллер тарабынан киргизилген философиялык-эстетикалык түшүнүк.

Бул эки түшүнүк менен Шиллер антикалык жана учурдагы маданияттын эки тибин бир мезгилде белгилеген, бирок чыгармачылыктын эки тиби бир эле учурдагы чыгармачылыкта (Гете менен Шиллер карама-каршылыктуулук болгондой) катар жашашы мүмкүн.

Шиллердин типтештирүүсүн 18–19-кылымдар чет өлкөлүк эстетика менен романтизм маданиятынын философиясы илип алышып, 19–20-кылымдар ар түрдүү түшүнүктөрүндө жана концепцияларында (апполондук жана дионисийлик жана башка) модификациялашты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]