Гүлсайра Момунова
Бул макалага Момунова Гүлсайра макаласынын мазмунун көчүрүп, ал жактан багыттама коюу керек. Сиз макалаларды бириктирип долбоорго жардам бере аласыз.
Бириктирүүнүн максатка ылайыктуулугун талкуулоо талап болсо, бул калыпты {{бириктирүүгө}} калыбына алмаштырыңыз жана Уикипедия: Бириктирүүгө барагында тиешелүү жазуу жүргүзүңүз. |
Момунова, Гүлсайра – акын. Ленинполь районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган. 1955-жылы 30-декабрда Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.
1961–1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973–1993-жж. «Кыр-гызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары, 1993-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсияда.
Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнак-тардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.
И.Жакановдун «Возвращенная песня» повестин кыргыз тилине которгон (1973). Очерктери, публицистикалык макалалары басылмаларга жарыяланып келет. Кээ бир ырларына музыка жа-зылган.
1996-жылы Туркияда өткөн Ата Мекенди даңктоо ырларынын эларалык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.
1971-жылдан Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Жур-налисттер союзунун мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
1987-жылдан «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланган, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлы-гынын лауреаты болду.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тилек: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 31 б.
Кыял чабыты: Ырлар, поэма. – Ф.: Кыргызстан 1967. – 108 б.
Саябан: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 55 б.
Менин күнүм: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 100 б.
Жылаажын: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 187 б.
Өмүр бешигим: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 160 б.
Тереңдеги берметтер: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 112 б.
Ак марал: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 121 б.
Табаар белем: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 172 б.
Айдарым: Ырлар. – Б.: Адабият, 1991. – 176 б.
Аяй-Аяй: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 12 б.
Жан дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Кыргызстан.1994. – 351 б.
Кут дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 403 б.
Орус тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Признание в любви (сборник стихов разных авторов). – Ф.: Кыргыз-стан.
День рождения: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 92 с.
Улыбка: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 128 с.
Котормолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жаканов И. Возвращенная песня: Повесть. 1973. – 304 б.
Ковусова Анна (Т. Байзаков менен бирге). – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 203 б.
Мухамед Икбал. Ырлар. – Б.: 2003. – 100 б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6