Момунова Гүлсайра

Википедия дан

МОМУНОВА ГҮЛСАЙРА

Акын Гулсайра Момунова Ленинполь районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылы 30-декабрда туулган. 1955-жылы 30-декабрда Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун бүтүргөн.
1961–1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973–1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орунбасары, 1993-жылдан республикалык маанидеги персоналдык пенсияда.
Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу.
И.Жакановдун «Возвращенная песня» повестин кыргыз тилине которгон (1973). Очерктери, публицистикалык макалалары басылмаларга жарыяланып келет. Кээ бир ырларына музыка жазылган. 1996-жылы Туркияда өткөн Ата Мекенди даңктоо ырларынын эларалык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.
1971-жылдан Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.
1987-жылдан «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган. 2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланган, 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлыгынын лауреаты болду. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамын алган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Тилек: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 31 б.

Кыял чабыты: Ырлар, поэма. – Ф.: Кыргызстан 1967. – 108 б.

Саябан: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1969. – 55 б.

Менин күнүм: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 100 б.

Жылаажын: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 187 б.

Өмүр бешигим: Ырлар жана поэма. – Ф.: Мектеп, 1979. – 160 б.

Тереңдеги берметтер: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 112 б.

Ак марал: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1984. – 121 б.

Табаар белем: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 172 б.

Айдарым: Ырлар. – Б.: Адабият, 1991. – 176 б.

Аяй-Аяй: Ырлар. – Ф.: Адабият, 1991. – 12 б.

Жан дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Кыргызстан.1994. – 351 б.

Кут дүйнө: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2004. – 403 б.

Орус тилинде

Признание в любви (сборник стихов разных авторов). – Ф.: Кыргызстан.

День рождения: Стихи и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 92 с.

Улыбка: Стихи. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 128 с.

КОТОРМОЛОРУ

Жаканов И. Возвращенная песня: Повесть. 1973. – 304 б.

Ковусова Анна (Т. Байзаков менен бирге). – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 203 б.

Мухамед Икбал. Ырлар. – Б.: 2003. – 100 б.