Бакай-Ата району

Википедия дан
Ленинполь району‎»‎ барагынан багытталды)
Бакай-Ата району
район
Өлкө Кыргызстан
Облуc Талас
Seat Бакай-Ата
Time zone GMT +5 (UTC+5)

Бакай-Ата району (1992-жылга чейин Ленинполь району) ― Кыргызстандын Талас облусундагы аймак. 1936-жылы уюшулуп, 1953-жылы Талас районуна кошулган. 1977-жылы кайрадан Ленинполь району болуп түзүлүп, 1992-жылдан азыркыдай аталат.


Чыгышынан Талас, батышынан Карабуура, түштүгүнөн Токтогул, Чаткал (Жалалабат облусу), түндүгүнөн Манас райондору менен чектешет. Аянты 2,3 миң км2. Калкы 41,3 миң (2004). Райондо 9 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору Бакайата (мурдагы Ленинполь) кыштагы. Район Талас өрөөнүнүн борбор бөлүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Талас Ала тоосу (эң бийик жери Күмүштак чокусу 4251 м), түндүгүндө Эч килитпоосу (2500 м) жатат. Кен байлыктары: күмүш, мрамор, акиташ теги ж. б. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 20°С, январдыкы -болсо10°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Ири суулары: Үрмарал, Талас, Кумуштпак. Өрөөнү боз, тоо бөлүгү күрөң топурактуу. Too бөлүктөрүнө ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Кургак талаа, талаа жана шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Райондо облустун калкынын 19,6% (2004) жашайт. 2003-ж. калктын төрөлүү деңгээли 31,1%о (облуста 27,5%о), өлүм-житим 6,7%о (6,7%О), табигый өсүш 25,0%они (20,6%о) түзгөн. Райондун калкынын 43,7% эмгек жашына чейинкилер, 48,1% эмгек жашындагылар жана 8,2% эмгек курагынан өткөндөр. 2003-ж. райондогу эмгек курагындагы калктын 80,0% ке жакыны эмгектенип, анын 76,3% айыл чарбасында, 7,7% билим берүүдө, 3,0% саламаттык сактоодо, калгандары соода, транспорт, байланыш ж. б. тармакта эмгектенген.Калкынын көбү кыргыз (98,4%), ошондой эле орус (0,6%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2те жерге 18 киши.Райондо мал чарбасы жана дыйканчылык (буудай, төөбуурчак, канткызылча) өнүккөн.Айыл чарбага жарактуу жери 131,6 миң га, айыл ичинде 23,5 миң га сугат жер, айдоо 23,0 миң га (айыл ичинде сугарылып айдалуучу жер 22,9 миң га), көп жылдык дарактар 520 га (айыл ичинде сугатка жарактуу 510 га), чабынды 85 га, жайыт 108,0 миң га ( сугарылма жайыт 143 га; 2004). Дан жана төөбуурчак (2003-ж. 44,7 миң г), картөшкө (37,0 миң г), жашылча (10,8 миң г), канткызылча (29,0 миң г) жана тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт.2003-ж. 9,5 миң уй, 89,6 миң кой, эчки, 4,8 миң жылкы, 25,9 миң үйкушу болгон. 2003-ж. тирүүлөй салмакта 5,2 миң т эт (облустун 20,9%), 17,1 млн т сүт (22,7%), 2,7 млн даана жумуртка (17,3%), 306 т жүн (26,2%) алынган. Кыш заводу, бир нече тегирмен, май чыгаруучу чакан цехтер, айыл чарба шаймандарын жасоочу жана оңдоочу чакан устаканалар иштейт. 2003-ж. райондо 1,5 млн сомдук (облустун 0,5%) өнөржай продукциясы өндүрүлгөн. Аймагынан Талас Тараз (Казакстан) Бишкек, Тараз (Казакстан) Талас Өтмөк Суусамыр Бишкек автомобиль жолдору өтөт. Автомобиль транспорту менен 112,8 миң т жүк (облустун 13,1%) ташылган; жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшү 20,1% млн км жүргүнчү.

Райондогу 18 орто, бир башталгыч мектепте 862 мугалим иштеген. Он бир балабакча, 18 клуб, маданият үйү, көркөм сүрөт музейи, 30 китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Эки оорукана, 2 амбулатория, 16 ФАП, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. 1939-жылдан райондук «Айыл жарчысы» гезити кыргыз, орус тилдеринде чыгат.

Административдик-аймактык түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондо 9 айыл аймагы жана алардын курамына кирген 19 айыл бар[1]:

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4

Маалымат каяктан алган[түзөтүү | булагын түзөтүү]