Мазмунга өтүү

Автомобиль

Википедия — ачык энциклопедия
Benz Velo — эң биринчи автомобилдердин бири
1959-жылдын Cadillac модели — XX к. ортосундагы автомобилдердин бири
Азыркы автомобиль Volkswagen Scirocco

Автомобиль (сөз грекче αὐτός – өзү жана латынча mobilis — кыймылдоочу деп которулат) — өз кыймылдаткычы менен рельссиз жолдо жүрүүчү машина.

Тарыхы жана түрлөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шамалдын күчү же ичинде отурган адам күчү аркылуу жылып жүрүүчү арабаны жасоого орто кылымдарда эле аракет болгон. Өркүндөтүлгөн «өзү жүргүч арабаны» орус дыйканы механик Л. Шамшуренков жасаган (1752). 1784—91-жылда орус ойлоп чыгаруучусу И. П. Кулибин үч жана торт дөңгөлөктүү «өзү жүргүчтү» курууга далалат кылган. Советтик биринчи автомобиль 1924-ж. чыгарылган. СССРде 1932-жылдан баштап ГАЗ маркасындагы автомобиль массалык түрдө чыгарылган. Автомобильдер колдонулушуна жараша транспорттук, атайын жана спорттук болуп бөлүнөт.

Транспорттук автомобиль

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Транспорттук автомобиль жүктөр жана жүргүнчүлөр ташуу үчүн, атайын автомобиль керектүү жабдуулар менен жабдылып, өрт өчүрүү жана коммуналдык тейлөөлөр үчүн колдонулат.

Спорттук автомобиль

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спорттук автомобиль мелдештерге, ылдамдык рекорддорун коюуга арналат. Транспорттук автомобиль жеңил, жүк ташуучу автомобиль жана автобус болуп бөлүнөт.

Жеңил автомобиль

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеңил автомобильге 2—8 адам отурууга ылайыкталып, жабык (седан жана лимузин), ачык (фаэтон) жана ачылма (кабриолет) кузовдор менен жабдылат. Жүк ташуучу автомобильге жүк салына турган кузовдор орнотулат, алардын жүк көтөрүмдүүлүгү 0,25—100 т га барабар. Жөлдө жүрүү жөндөмдүүлүгү боюнча автомобилдер жолдо жүрүүчү, карьердик жана өтүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган болуп бөлүнөт. Жолдо жүрүүчү автомобиль автомобилдик жолунун жалпы тармагында пайдаланылат. Өлчөмдөрү чоңойтулган карьерде жүрүүчү автомобиль атайын жолдордо, мисалы, карьерлерде иштейт. Өтүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылган автомобиль кыйын шарттарда же жолсуз жерлерде иштөөгө ылайыкталган. Автомобиль кыймылдаткыч, трансмиссия, жүрүүчү бөлүк, башкаруу механизмдери, электр жабдуулары, кузов жана кабинадан турат. Автомобилдер кыймылдаткычтарынын түрлөрүнө жараша бензиндик, дизелдик, газ-баллондуу жана газ-генератордуу болуп бөлүнөт.

1-сүрөт. МЗМА-412 карбюратордун кыймылдаткычтын туурасынан кесилиши: 1—картер; г—муунактуу вал; 3—шатун; 4 — поршендин шакекчеси; 5 — поршень; 6 — цилиндрдин блогу; 7 — клапан; 8 — цилиндрдин бөркү; 9 — бөлүштүргүч вал; 10 — коромысло; 11 — карбюратор; 12 — стартёр,

Автомобиль кыймылдаткычы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобиль кыймылдаткычы — автомобилди кыймылга келтирүүчү механикалык энергиянын булагы болгон атайын кыймылдаткыч.
Автомобилдер үчүн жылуулук жана электр кыймылдаткычтары колдонулат. Автомобиль кыймылдаткычынын көпчүлүгү ичинен күймө поршендүү кыймылдаткыч болот да, жумуш процесси төрт жана эки тактылуу болуп, күйүүчү майды от алдыруунун жолу боюнча карбюратордуу жана дизелдик болуп бөлүнөт. Автомобиль кыймылдаткычы цилиндрлеринин саны жана жайланышы (катарлаш, V түрүндө жана башкалар), клапандарынын орун алышы (жогору же төмөн), цилиндрлеринин жумуш аткарылуучу көлөмү (литражы), муздатылышынын түрү (суу же аба менен), аткарган кызматы жана ушундай сыяктуу боюнча айырмаланат. Азыркы кездеги төрт тактылуу автомобиль кыймылдаткычы (1, 2-сүрөт) цилиндрлердин блогунан (картери менен) жана бөркүнөн, поршендерден, шатундардан, муунактуу валдан, күүлөндүрүүчү дөңгөлөктөн, бөлүштүргүч валдан жана башкалар турат. Кыймылдаткычтар радиатор, желдеткич, аба жана май чыпкалары, стартёр жана башкалар менен жабдылат. Жеңил жана аз көлөмдүү аккумуляторлорду түзүү шаар ичинде жүргөн автомобилдердеги ичинен күймө кыймылдаткычтарды электр кыймылдаткычтары менен алмаштырууга мүмкүндүк берет.

ЯМЗ-236 дизелдин туурасынан кесилиши: 1—10 жана 12—мурдагы 1сүрөттөгүдөй; 11 — аба тазалагыч; 13 — түрткүч; 14 — штанга; 15 — форсунка, 16 — жогорку басымдуу насос.

Автомобилдин жүрүү бөлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобилдин жүрүү бөлүгү — автомобилдин бардык механизмдери, кузову орнотулуучу тележканы түзүүчү шасси бөлүктөрүнүн тобу. Автомобиль жана башкалар рама, асма, алдыцкы жана арткы октордон, дөңгөлөктөрдөн турат. Рамага кузов, кабина, кыймылдаткыч, кыймыл берүүчү куту жана башкалар механизмдер менен түйүндөр орнотулат. Автобустарда, жеңил автомобилдердин көпчүлүгүндө раманын милдетин кузов аткарат. Өңгүл-дөңгүл жолдо дөңгөлөктөрдүн биринин абалынын өзгөрүшү экинчисине таасирин тийгизбесин үчүн, дөңгөлөктөр рамага өз-өзүнчө асылып бекитилет. Айрым автомобилдерде дискалуу дөңгөлөктөр колдонулат. Алар окко орнотулган күпчөккө бекитилген дискадан, камералуу же камерасыз пневматикалык шиналуу алкактан турат; жүк ташуучу оор автомобилдердин, автобустардын көпчүлүгүндө түздөн-түз күпчөккө бекитилүүчү алкагы бар дискасыз дөңгөлөктөр орнотулат.

Автомобилдин рулдук башкаруу системасы.

Автомобилдин рулдук башкаруу системасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобилдин рулдук башкаруу системасы — автомобилдин жүрүү багытын өзгөртө турган механизмдердин жана түзүлүштөрдүн системасы. Бул система руль механизминен жана дөңгөлөктөргө бекитилген кыймылга келтиргичтен (привод) турат. Руль механизми дөңгөлөктү буруу үчун аз күч жумшоого, кыймылга келтиргич болсо руль механизминен штурвалдан (1), ага бириктирилген руль валынан (2), валдын учуна бекитилген червяктан (3), ага илинишкен червяк дөцгөлөгүнөн (4) жана анын валына кпйгизилген руль сошкасынан (5), ал эми руль кыймылга келтиргичи узунунан жана туурасынан орнотулган тарткычтардан (6), рычагдардан (7) турат. Штурвалды бурганда, бул механизмдер кыймылды биринен экинчисине өткөрүп, акыры бурулуу цапфалары менен кошо дөңгөлөктү да бурат. Руль механизми червяктуу, бурама-сайлуу, кривошиптүү кыймыл берүү механизмдери менен иштетилет. Автомобилди башкаруу жеңил болсун үчүн, кыймылга келтиргич механизмге пневматикалык, гидронневматикалык жана гидравликалык күчөткүчтөр орнотулат.

Автомобилдин электр жабдуулары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобилдин электр жабдуулары — автомобилге орнотулган электр приборлору менен аппараттардын тобу. Автомобилдин электр жабдууларына төмөндөгүлөр кирет: ток булагы (генератор жана аккумулятор батареясы); кыймылдаткычтын цилиндринде күйүүчү аралашманы тутандыруучу от алдыруу системасы; муунактуу валды айландыруучу электр стартерин иштетүүчү система; сырткы жана ички жарык кылуучу приборлордон турган жарык кылуу системасы; сигнал берүү системасы (үн сигналы, бурулууну көрсөткүч, стоп-сигнал); текшерүү приборлору (амперметр, термометр, манометр, күйүүчү майдын децгээлин көрсөткүч жана башкалар) жана автомобилди башкарууну жеңилдетүүчү электр приборлору (айнек тазалагыч, кузов жылыткыч жана башкалар). Мындан башка да туманда жүрүүгө жардам берүүчү кошумча фаралар орнотулат.

Автомобилдин кузову

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобилдин кузову — автомобилдин жүргүнчүлөр, айдоочу отуруучу жана жүктөр же атайын жабдуулар салына турган бөлүгү.
Жеңил автомобилдин кузову жабык, ачык жана ачылма болуп жасалат. Автобустун кузову көбүнчө жабык болот, анын сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн кээде эки кабат кузов орнотулат. Жүк ташуучу автомобилдин кузову жүк платформасынан жана айдоочунун кабинасынан турат. Жүктү салууга жана түшүрүүгө ыңгайлуу болушу үчүн, платформанын капталдары ачылма болот. Көп жүктү ташууда оодарылма платформалуу автомобилдер (өзү түшүргүчтөр) кеңири колдонулат. Жүк ташуучу кээ бир автомобилдин кузову жабык (фургон) түрүндө жасалат. Атайын автомобилдин кузову жүктүн белгилүү түрүн ташууга ылайыкталат (мисалы, ун, сүт, ңемент ташылуучу ңистерна жана башкалар) же кандайдыр бир жумушту аткаруучу жабдууларды орнотууга арналат.

Автомобилдин асмасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобилдин асмасы — автомобилдин окторун анын рамасына же кузовуна байланыштыруучу тетиктердин тобу. Автомобилдин асмасы байланыштуу жана байланышсыз болушу мүмкүн. Байланыштуу асмада дөңгөлөктөр бири биринө туташ ок менен бириктирилет; байланышсыз асмада ар бир дөңгөлөк рычагдар аркылуу рамага же кузовго айрым өз алдынча туташтырылат. Жалпы алганда, автомобилдин асмасы багыттоочу түзүлүштөрдөн, серпилгич элементтерден турат. Багыттоочу тузүлүштөр (рычагдар) дөңгөлөктөргө аракет кылган күчтөрдү рамага же кузовго берет. Серпилгич элементтер кузовго же рамага берилген термелүүлөрдү басаңдатат.

Утилизация жана кайра иштетүү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобилдерди утилизациялоо же аларды ажыратуу — бул транспорт каражаттарын запчасттарга бөлүү процесси.[1][2][3] Колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин автомобилдер запчасттардын булагы катары баалуулугун сактап калат, жана бул автомобилди ажыратуу тармагынын пайда болушуна себеп болду.[4][5] Бул тармактын ишканалары ар башка аталыштар менен белгилүү: авторазборка, автозапчасттарды камсыздоочу, ал эми акыркы жылдары — автомобилдерди кайра иштетүү деп аталат. Автомобилдерди кайра иштетүү ар кандай деңгээлде дайыма болгон, бирок акыркы жылдары бул процесске өндүрүүчүлөр да аралашып жатышат. Эскирген автомобилдердин өлчөмүн кыскартуу жана металлургиялык ишканага ташууну жеңилдетүү үчүн көп учурда автомобилдик пресс колдонулат.[6][7][8]

Металл үчүн алынбаган майдаланган калдыктар кайра иштетүүгө жарактуу башка көптөгөн материалдарды камтыйт; алардын 30% чамасы полимерлерден, ал эми 5–10% — калган металлдардан турушу мүмкүн. Заманбап транспорт каражаттарын кайра иштетүү ушул калдыктарды мүмкүн болушунча экономикалык жактан эффективдүү кайра иштетүүгө багытталган. Азыркы учурда материалдардын 75% кайра иштетиле алат, калган 25% таштанды полигонго жөнөтүлөт. Керектөөчүгө берилген эң кайра иштетилүүчү товар катары кызмат мөөнөтү өтүп кеткен автомобилдер жылына болоттон 14 миллион тоннанын ашык өлчөмүн темир-мунай өнөр жайына камсыздайт. Металлолом соодагерлери адатта миңдеген автомобилдерди утилизация кылат жана машинанын салмагына карап кайсы баалуу материалдан канча алынарын болжол менен билишет.[9]

Автомобилди утилизациялоо процесси өтө татаал, анткени көптөгөн детальдар кайра иштетилип, көптөгөн коркунучтуу материалдар чыгарылып алуу керек.[10][11] Кыскача айтканда, процесс запчасттар бар-жогун аныктоо үчүн келген автомобилдерди инвентаризациялоо менен башталат. Дөңгөлөктөр, шина, аккумулятор жана каталитикалык нейтрализатор алынды. Мотордун муздаткыч суюктугу, май, коробканын (трансмиссиянын) суюктугу, кондиционердин хладагенттери жана бензин сыяктуу суюктуктар төгүлүп, чыгарылат. Кээ бир кымбат бөлүктөр — мисалы электрондук модулдар, генераторлор, стартерлер, маалыматтык-көңүл ачуу системалары — же бөтөнчө бүтүндөй кыймылдаткычтар же трансмиссиялар да эгерде алар дагы деле колдонууга жарактуу болсо жана «кайсы абалда болсо ошого» же кайра оңдолуу үчүн өндүрүүчүнүн колуна сатылса — алынат. Автомобилдердеги электр кыймылдаткычтарындагы баалуу сейрек кездешүүчү жер магниттери да кайра иштетүүгө жөнөтүлөт.

  1. What Is Vehicle Recycling?. www.xpressautoparts.co.nz. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  2. Cars. zerowastesonoma.gov. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  3. Car Recycling. www.veterancardonations.org. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  4. End-of-life vehicle recycling: What happens to old cars at the end of life?. www.recovery-worldwide.com. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  5. Remanufacture, refurbishment, reuse and recycling of vehicles: Trends and opportunities. www.gov.scot. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  6. ROI of Car Compactors: Cost, Maintenance, and Productivity Insights. www.unitetopbalermachine.com. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  7. Project Report on VEHICLE SCRAP YARD (PV/CV – 90%/10%). projectreports.eiriindia.org. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  8. Media post: What’s the Deal with Car Crushers?. bestsellingcarsblog.com. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  9. Scrap Car Prices in the UK (2025 Guide). www.car.co.uk. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  10. How to Recycle a Car: Benefits and Process Explained. taylorsjunkyard.com. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.
  11. Why Car Recycling Is One Of The Best Ways To Live Eco-Friendly. www.wheelsforwishes.org. Текшерилген күнү 24 -февраль (бирдин айы) 2026.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.